Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
164-берене. Тергөө аракеттеринин протоколуна кол коюудан баш тартуунун же кол коюуга мүмкүн эместигинин фактысын ырастоо
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 21-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Эгерде шектүү, айыпкер, күбө же тергөө аракеттерине катышкан башка адам тергөө аракетинин протоколуна кол коюудан баш тартса, бул жөнүндө протоколго тергөө аракеттерин жүргүзгөн адамдын койгон колу менен ырасталуучу белги коюлат жана видеожазууну пайдалануунун жардамы менен белгиленет.
2. Протоколго кол коюудан баш тарткан адамга баш тартуунун себептери жөнүндө түшүндүрмө берүүгө мүмкүнчүлүк берилүүгө тийиш, ал протоколго киргизилет.
3. Эгерде шектүү, жабырлануучу же күбө дене боюндагы кемчиликтеринен улам же ден соолугуна байланыштуу сурактын протоколуна кол коё албаса, анда анын өтүнүчү боюнча протоколго жактоочусу, анын өкүлү кол коёт же тергөөчү башка адамды чакырат, ал суралып жаткан адамдын макулдугу менен анын көрсөтмөлөрүнүн жазылышынын тууралыгын өзүнүн коюлган колу менен күбөлөндүрөт. Бул протоколго сурак жүргүзгөн тергөөчү же болбосо алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы да кол коёт. Эгерде ушул эле себептер боюнча ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жактардын бири башка тергөө амалдарынын протоколуна кол коюуга мүмкүнчүлүгү болбосо, бул тууралуу протоколго белги коюлуп, ал тергөөчүнүн коюлган колу менен күбөлөндүрүлөт.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-164" title="164-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>