# 163-берене. Тергөө амалынын протоколу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112186)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530#diff=1138546..1138547>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-163>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-163.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 163-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-163

---

1. Тергөө амалынын протоколу тергөө амалынын жүрүшүндө же түздөн-түз ал аяктагандан кийин түзүлөт.

2. Протокол кол менен жазылышы же компьютердик ыкма менен даярдалышы мүмкүн. Протоколдун толуктугун камсыз кылуу үчүн стенографиялоо, фотого, үн жана видеожазууга тартуу колдонулат. Стенографиялык жазуу, фото, үн жана видеожазууга тартуунун материалдары иш менен бирге сакталат.

3. Протоколдо тергөө амалы жүргүзүлгөн жер жана датасы, анын башталган жана бүткөн убактысы, протоколду түзгөн адамдын кызмат орду жана аты-жөнү, тергөө амалына катышкан ар бир адамдын аты-жөнү, ал эми зарыл болгон учурда - анын дареги да көрсөтүлөт. Протоколдо процесстик иш-аракеттер кандай кезекте жүргүзүлсө, аларды жүргүзүүдө аныкталган иш үчүн олуттуу болгон жагдайлар, ошондой эле тергөө амалын жүргүзүүгө катышкан адамдардын арыздары да ошол тартипте баяндалат.

4. Эгерде тергөө амалын жүргүзүүдө сүрөткө тартуу, үн жана видео жазуу колдонулса же издердин кептери жана көчүрмөлөрү даярдалса, чиймелер, схемалар, пландар түзүлсө, протоколдо тиешелүү тергөө аракетин жүргүзүүдө колдонулган техникалык каражаттар, аларды пайдалануунун шарттары жана тартиби, бул каражаттар колдонулган объекттер жана алынган натыйжалар да көрсөтүлүүгө тийиш. Протоколдо, мындан тышкары, техникалык каражаттарды колдонуунун алдында бул тууралуу тергөө амалын жүргүзүүгө катышкан адамдарга билдирилгендиги тууралуу белгиленүүгө тийиш.

5. Протокол тергөө амалын жүргүзүүгө катышкан бардык адамдарга таанышуу үчүн берилет. Аларга протоколго киргизилүүгө тийиш болгон пикирлерди айтууга укугу бар экендиги түшүндүрүлөт. Протоколго киргизилген бардык сын-пикирлер, толуктоолор жана түзөтүүлөр ошол адамдар тарабынан айтылууга жана алардын коюлган колу менен ырасталууга тийиш.

6. Эгерде жактоочудан баш тартуу тергөө амалы жүргүзүлүп жаткан убакта билдирилсе, анда бул жөнүндө ушул тергөө амалынын протоколуна белги коюлат.

7. Протоколго тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, суракка алынган адам, котормочу, адис, жактоочу жана тергөө амалын жүргүзүүгө катышкан башка адамдар кол коёт. Тергөө амалынын протоколуна кол коюудан баш тартылган же мүмкүн болбогон учурда, бул фактыны ырастоо ушул Кодекстин 164-беренесине ылайык жүргүзүлөт.

8. Протоколго тергөө амалын жүргүзүүдө тартылган негативдер жана сүрөттөр, диапозитивдер, сурактын фонограммалары, видео жазуунун кассеталары, маалыматтык электрондук алып жүрүүчүлөр, чиймелер, пландар, схемалар, издердин түшүрмөлөрү жана көчүрмөлөрү тиркелет.

9. Эгерде тергөө амалынын жүрүшүндө адис тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча расмий документ түзүлсө, анда ал протоколго тиркелет, бул жөнүндө анда тиешелүү жазуу жасалат.

10. Жабырлануучунун, күбөнүн, шектүүнүн жана тергөө аракеттерине катышкан башка адамдардын жана алардын жакын туугандарынын, жубайынын коопсуздугун камсыз кылуу зарыл деп болжооого негиздер болгондо, тергөөчү көрсөтүлгөн адамдар катышкан тергөө аракеттеринин протоколуна алардын ким экендиги жөнүндө маалыматтарды жазбайт. Бул учурда тергөөчү токтом чыгарууга милдеттүү, анда тергөө аракеттеринин катышуучусунун инсандыгы жөнүндө маалыматтарды жашыруун сактоо жөнүндө чечим кабыл алуунун себептери баяндалып, псевдоними жана койгон колунун үлгүсү көрсөтүлүп, аларды анын катышуусунда тергөө аракеттеринин протоколдорунда пайдаланат. Токтом чапталган конвертке салынат, анын мазмуну менен тергөөчүдөн тышкары, прокурор жана судья гана таанышышы мүмкүн.

(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [162-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-162)  
Кийинки берене: [164-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-164)
