# 162-берене. Котормочунун катышуусу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-162>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-162.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 162-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-162

---

1. Ушул Кодекстин 20-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган учурларда тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы суракта жана башка тергөө аракеттеринде котормочуну чакырууга милдеттүү.

2. Тергөө аракеттери башталаардын алдында тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы котормочуга ушул Кодекстин 61-беренесинде каралган анын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүп берет жана билип туруп туура эмес которгондугу үчүн жазык жоопкерчилиги жөнүндө эскертет, бул жөнүндө тергөө аракеттеринин протоколунда белги коюлат жана котормочунун койгон колу менен ырасталат.

---

Мурунку берене: [161-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-161)  
Кийинки берене: [163-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-163)
