# 160-берене. Сотко чейинки өндүрүштүн маалыматтарын ачыкка чыгарууга жол берилбестик

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-160>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-160.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 160-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-160

---

1. Жазык иштери боюнча сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө алынган маалыматтар ачыкка чыгарылбайт.

2. Алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү күбөгө, жабырлануучуга, коргоочуга, экспертке, адиске, котормочуга жана тергөө аракеттерин жүргүзүүгө катышкан башка адамдарга сотко чейинки өндүрүштүн маалыматтарын ачыкка чыгарууга жол берилбестиги жөнүндө эскертет жана Жоруктар жөнүндө кодекске ылайык жоопкерчилик жөнүндө эскертүү менен алардан кол коюуну алып коюуга укуктуу.

3. Мамлекеттик, аскердик жашыруун сыр менен байланышкан иштер боюнча өндүрүштө коргоочу же өкүл катары катышкан адвокат мамлекеттик, аскердик жашыруун сырды түзгөн маалыматтарды ачыкка чыгарууга жол берилбестик жөнүндө эскертилип, бул жөнүндө тиешелүү тил кат алат. Мамлекеттик, аскердик жашыруун сырды камтыган маалыматтар так аныкталууга жана жашыруун эмес материалдардан өзгөчө бөлүнүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [159-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-159)  
Кийинки берене: [161-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-161)
