# 16-берене. Адамдын өмүрүн коргоо, кат алышуунун, телефон менен жана башка сүйлөшүүлөрдүн, почта, телеграф, электрондук жана башка билдирүүлөрдүн жашырындуулук принциби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 16-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-16

---

1. Жарандын кат алышуунун, телефон менен жана башка сүйлөшүүлөрдүн, почта, телеграф, электрондук жана башка билдирүүлөрдүн жашырындуулугуна укугун чектөөгө соттун чечиминин негизинде гана жол берилет.

2. Почта, телеграф жөнөтүүлөрүнө камак коюу жана аларды байланыш мекемелеринде тинтүү, телефон менен жана башка сүйлөшүүлөрдү контролдоо жана жазып алуу, абоненттердин жана (же) абоненттик түзүлүштөрдүн ортосундагы кошулуулар жөнүндө маалымат алуу соттун чечиминин негизинде гана жүргүзүлүшү мүмкүн.

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-17)
