# 158-берене. Тергөө жана башка процесстик амалдарын жүргүзүүнүн жалпы эрежелери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112186)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530#diff=1138546..1138547>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-158>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-158.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 158-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-158

---

1. Тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы тергөө аракеттерин жүргүзүүгө киришип жатып, тергөө аракеттеринин катышуучуларынын ким экендигине ынанып, аларга ушул Кодекстин 159-беренесине ылайык укуктарын жана милдеттерин, ошондой эле тергөө аракеттерин жүргүзүүнүн тартибин түшүндүрүп берет.

2. Кийинкиге калтырууга болбогон учурларды албаганда, тергөө жана башка процесстик аракеттерди түнкү убакта жүргүзүүгө жол берилбейт.

3. Тергөө аракеттерин жүргүзүүдө техникалык каражаттарды колдонуу жана кылмыштардын изин табуунун, аныктоонун жана алып коюунун илимий негизделген ыкмаларын жана буюм-далилдерин пайдалануу милдеттүү болуп саналат.

4. Тергөө аракеттерин жүргүзүүдө зомбулукту, коркутууну жана башка мыйзамсыз аракеттерди колдонууга, ошого тете ага катышкан адамдардын өмүрү жана ден соолугу үчүн коркунуч жаратууга жол берилбейт.

5. Ушул Кодексте каралган учурларда тергөөчү тергөө аракеттерин жүргүзүү жөнүндө өтүнүч менен тергөө судьясынын алдында өтүнмө козгойт, бул жөнүндө токтом чыгарылат.

(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [157-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-157)  
Кийинки берене: [159-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-159)
