158-берене. Тергөө жана башка процесстик амалдарын жүргүзүүнүн жалпы эрежелери
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 21-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29
1. Тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы тергөө аракеттерин жүргүзүүгө киришип жатып, тергөө аракеттеринин катышуучуларынын ким экендигине ынанып, аларга ушул Кодекстин 159-беренесине ылайык укуктарын жана милдеттерин, ошондой эле тергөө аракеттерин жүргүзүүнүн тартибин түшүндүрүп берет.
2. Кийинкиге калтырууга болбогон учурларды албаганда, тергөө жана башка процесстик аракеттерди түнкү убакта жүргүзүүгө жол берилбейт.
3. Тергөө аракеттерин жүргүзүүдө техникалык каражаттарды колдонуу жана кылмыштардын изин табуунун, аныктоонун жана алып коюунун илимий негизделген ыкмаларын жана буюм-далилдерин пайдалануу милдеттүү болуп саналат.
4. Тергөө аракеттерин жүргүзүүдө зомбулукту, коркутууну жана башка мыйзамсыз аракеттерди колдонууга, ошого тете ага катышкан адамдардын өмүрү жана ден соолугу үчүн коркунуч жаратууга жол берилбейт.
5. Ушул Кодексте каралган учурларда тергөөчү тергөө аракеттерин жүргүзүү жөнүндө өтүнүч менен тергөө судьясынын алдында өтүнмө козгойт, бул жөнүндө токтом чыгарылат.
(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
158-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"Редакцияларды салыштыруу
10.03.2021 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
Тергөө кошулду: жана башка процесстик амалдарын жүргүзүүнүн жалпы эрежелери 1. Тергөөчү, алгачкы текшерүү … судьясынын алдында өтүнмө козгойт, бул жөнүндө токтом чыгарылат. кошулду: (КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-158" title="158-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>