# 156-берене. Тергөө тобу тарабынан сотко чейинки өндүрүштүн жүргүзүлүшү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112186)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530#diff=1138546..1138547>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-156>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-156.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 156-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-156

---

1. Оор же көлөмү чоң болгон учурда жазык иши боюнча сотко чейинки өндүрүш тергөөчүлөрдүн тобуна (тергөө тобуна) берилиши мүмкүн, бул жөнүндө прокурор же тергөө бөлүмүнүн жетекчиси тарабынан өзүнчө токтом чыгарылат. Токтомдо сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүү тапшырылган бардык тергөөчүлөр, анын ичинде тергөөчү - топтун жетекчиси көрсөтүлүүгө тийиш, ал ишти өз өндүрүшүнө кабыл алат жана башка тергөөчүлөрдүн аракеттерине жетекчилик кылат.

2. Жабырлануучу, шектүү жана алардын коргоочулары тергөөчүлөрдүн тобу тарабынан сотко чейинки өндүрүштүн жүргүзүлүшү жөнүндө токтом менен таанышууга тийиш жана аларга топтун курамынан кайсы гана болбосун тергөөчүдөн баш тартуу укугу түшүндүрүлүп берилет.

(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [155-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-155-1)  
Кийинки берене: [157-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-157)
