# 155-берене. Жазык иштери боюнча сотко чейинки өндүрүштүн мөөнөтү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112186)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530#diff=1138546..1138547>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-155>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-155.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 155-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-155

---

1. Жазык иштери боюнча сотко чейинки өндүрүш адамга кылмыш жасоодон шек саналгандыгы жөнүндө маалымдалган учурдан тартып 2 айдан кеч эмес мөөнөттө аяктоого тийиш.

2. Шектүүнүн жана коргоочунун жазык ишинин материалдары менен танышуусунун мөөнөтү сотко чейинки өндүрүштүн мөөнөтүнө кошуп эсептелет.

3. Анын ичинде сотко чейинки өндүрүш ушул Кодекстин 237-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган негиздер боюнча токтотулган убакыт сотко чейинки өндүрүштүн мөөнөтүнө киргизилбейт.

4. Ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген сотко чейинки өндүрүштүн мөөнөтү алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн, сотко чейинки өндүрүштүн мөөнөтү аяктаганга чейин 7 суткадан кеч эмес берилген өтүнүчү боюнча прокурордун жүйөлөштүрүлгөн токтому менен ар бир жолу 2 айга чейинки мөөнөткө узартылышы мүмкүн.

5. Төмөндөгүлөргө мөөнөтүн узартууга жол берилбейт:

1) жоруктар жөнүндө иштер боюнча - 3 айдан ашыкка;

2) анча оор эмес кылмыштар жөнүндө иштер боюнча - 6 айдан ашыкка;

3) оор жана өзгөчө оор кылмыштар жөнүндө иштер боюнча - бир жылдан ашыкка.

6. Токтотулган ишти кайра жаңыртууда сотко чейинки өндүрүштүн мөөнөтү прокурор тарабынан бир айга чейин белгиленет. Мөөнөттү андан ары узартуу ушул берененин 4 жана 5-бөлүктөрүнүн негизинде жүргүзүлөт.

(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Көңүл буруңуздар! КР 2019-жылдын 15-майындагы № 62 Мыйзамы менен 155-статьянын расмий тилиндеги редакциясына өзгөртүүлөр киргизилди

---

Мурунку берене: [154-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-154)  
Кийинки берене: [155-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-155-1)
