# 155-1-берене. Сотко чейинки өндүрүштүн акылга сыярлык мөөнөтү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-155-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 155-1-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-155-1

---

1. Жазык иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча сотко чейинки өндүрүш акылга сыярлык мөөнөттө жүзөгө ашырылат.

2. Процесстик иш-аракеттерди аткаруу жана процесстик чечимдерди кабыл алуу үчүн объективдүү зарыл мөөнөттөр акылга сыярлык мөөнөттөр деп эсептелет. Акылга сыярлык мөөнөттөр ушул Кодексте каралган айрым процесстик иш-аракеттерди аткаруу же айрым процесстик чечимдерди кабыл алуу мөөнөттөрүнөн ашык болбоого тийиш.

3. Сотко чейинки өндүрүштүн акылга сыярлыгын аныктоо үчүн критерийлер болуп төмөнкүлөр саналат:

1) аларга карата өндүрүш жүзөгө ашырылып жаткан шектүүлөрдүн жана кылмыштардын (жоруктардын) санын, сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыруу үчүн зарыл процесстик иш-аракеттердин көлөмүн жана өзгөчөлүгүн эске алуу менен аныкталган жазык ишинин жана (же) жоруктар жөнүндө иштин татаалдыгы;

2) жазык сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын жүрүм-туруму;

3) тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, прокурордун жана соттун өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу ыкмасы.

4. Ушул Кодекстин 26-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында каралган жагдайлар аныкталганда, тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы сотко чейинки өндүрүштү токтоосуз кыскартууга милдеттүү

(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [155-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-155)  
Кийинки берене: [156-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-156)
