# 154-берене. Сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүүчү жер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112186)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530#diff=1138546..1138547>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-154>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-154.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 154-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-154

---

1. Сотко чейинки өндүрүш кылмыш, жорук жасалган райондо жүргүзүлөт. Кыйла тездикти, объективдүүлүктү жана толуктукту камсыз кылуу максатында сотко чейинки өндүрүш кылмыш жана (же) жорук аныкталган жер боюнча, ошондой эле шектүү же күбөлөрдүн көпчүлүгү турган жер боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн.

2. Тергөөчү алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы бул иш ага караштуу эместигин аныктаган соң, кийинкиге калтырылгыс шашылыш процесстик аракеттерди жүргүзүүгө, андан кийин ишти караштуулугу боюнча жөнөтүү үчүн прокурорго берүүгө милдеттүү.

3. Тергөө амалдарынын өндүрүшүн башка райондо жүргүзүү зарыл болгон учурда, тергөөчү аларды жеке өзү жүргүзүүгө же бул амалдарды жүргүзүүнү ошол райондун тергөөчүсүнө же алгачкы текшерүү органына жазуу жүзүндө тапшырууга укуктуу. Тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы айрым тергөө жана издөө иш-аракеттерин тергөө жүргүзүлгөн жер же алар өндүрүшүнө коюлган жер боюнча алгачкы текшерүү органына жазуу жүзүндө тапшырууга укуктуу. Тергөөчүнүн тапшырмасы 10 суткадан кечиктирилбеген мөөнөттө аткарылууга тийиш.

(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [153-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-153)  
Кийинки берене: [155-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-155)
