151-берене. Кылмыш жана (же) жорук жөнүндө арыздарды жана билдирүүлөрдү кабыл алуу жана каттоо милдеттүүлүгү
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 20-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29
1. Сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыруучу органдар, прокурор кандай гана болбосун жасалган же даярдалып жаткан кылмыш жана (же) жасалган жорук жөнүндө арызды же билдирүүнү кабыл алууга жана каттоого милдеттүү. Арыз ээсине арызды же билдирүүнү кабыл алган адамды көрсөтүү менен арыздын же билдирүүнүн Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталган убактысын жана каттоо номерин көрсөтүү менен кылмыш жана (же) жоруктун катталгандыгы тууралуу документ берилет.
2. Жасалган же болбосо даярдалып жаткан кылмыш же жорук жөнүндө арызды же билдирүүнү каттоодон баш тартуу же жаап-жашыруу Жазык кодексине ылайык жоопкерчиликке алып келет.
3. Сот жазык иши жана (же) жорук жөнүндө ишти териштирүүдө кылмыш белгилерин, же болбосо кылмыш же жорук жөнүндө арызды, билдирүүнү кабыл алуу, каттоо тартиби бузулгандыгын аныктайт, бул тууралуу жеке аныктама чыгарып, прокурорго жиберет.
(КР 2019-жылдын 15-майындагы № 62, 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
151-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 15 мая 2019 года № 62 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексиКодекс · 02.02.2017 · № 19 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-151" title="151-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>