# 149-берене. Сотко чейинки өндүрүштүн башталышы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 20-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112186)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530#diff=1138546..1138547>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-149>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-149.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 149-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-149

---

1. Алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү, прокурор жасалган кылмыш же болбосо жорук жөнүндө арыз, кабарлама алынган учурдан тартып же кылмыш, жорук жасалгандыгын айгинелеген жагдайларды түздөн-түз тапканда, бөлүнүп берилген жазык ишинин жана жоруктар жөнүндө иштин материалдары келип түшкөндө, ошондой эле сотко чейинки өндүрүштүн материалдары чет өлкөлүк мамлекеттен келип түшкөндө, токтоосуз, 24 сааттан кечикпестен тиешелүү маалыматтарды Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине киргизүүгө милдеттүү.

11. КЖБРде катталганга чейин болгон окуянын издерин сатоо максатында окуя болгон жерди карап чыгууга жол берилет.

2. Жазык иши же жорук жөнүндө иш боюнча сотко чейинки өндүрүштүн башталышы жөнүндө кылмыш же жорук жөнүндө арыз же кабарлама алардан келип түшкөн жеке же юридикалык жакка кабарланат.

3. Тергөөчү , алгачкы кешерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталган кылмыш , же болбосо жорук же аларга өткөрүп берилген жазык иши, же жоруктар жөнүндө иш боюнча сотко чейинки өндүрүшүнө алгандыгы жөнүндө токтом чыгарат . Тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун көчүрмөсүн 24 сааттан кечиктирбестен прокурорго жөнөтөт.

4. Арыз ээсине билип туруп кылмыш же жорук жасалгадыгы жөнүндө жалган билдирүү бергендиги үчүн жоопкерчиликке тартылары жөнүндө эскертилет, ал жөнүндө берилген арызда же протоколдо белги коюлат, ал арыз ээсинин кол тамгасы менен күбөлөндүрүлөт.

(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [148-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-148)  
Кийинки берене: [150-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-150)
