# 147-берене. Жазык иштеринин жана жоруктар жөнүндө иштердин материалдарын калыбына келтирүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 19-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-147>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-147.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 147-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-147

---

1. Жазык иштеринин жана жоруктар жөнүндө иштердин материалдарын калыбына келтирүү прокурордун токтому боюнча, ал эми алар сот өндүрүшүнүн жүрүшүндө жоголгон учурларда - аткаруу үчүн прокурорго жөнөтүлүүчү судьянын токтому, соттун аныктамасы боюнча жүргүзүлөт.

2. Жазык иштеринин жана жоруктар жөнүндө иштердин материалдарын калыбына келтирүү жазык иштеринин жана жоруктар жөнүндө иштердин сакталып калган материалдары боюнча жүргүзүлөт, алар ушул Кодексте белгиленген тартипте жана процесстик иш-аракеттерди жүргүзүү аркылуу далил катары таанылышы мүмкүн.

3. Жазык иштерин калыбына келтирүүдө тергөөнүн жана камакта кармоонун мөөнөттөрү ушул Кодекстин 117, 155-беренелеринде белгиленген тартипте, ал эми жоруктар жөнүндө иштер - ушул Кодекстин 504-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык эсептелет.

4. Эгерде калыбына келтирилип жаткан жазык иши боюнча камакта кармоонун чектүү мөөнөтү бүтүп калса, анда айыпталуучу дароо бошотулууга тийиш.

ӨЗГӨЧӨ БӨЛҮК

---

Мурунку берене: [146-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-146)  
Кийинки берене: [148-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-148)
