# 146-берене. Жазык иштеринин жана жоруктар жөнүндө иштердин материалдарын бөлүп чыгуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 19-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112186)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530#diff=1138546..1138547>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-146>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-146.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 146-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-146

---

1. Алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү, прокурор, судья, сот турган жери белгисиз болгон же катуу оорусуна байланыштуу шектүүгө, айыпталуучуга, соттолуучуга карата жазык ишинин жана жоруктар жөнүндө иштердин материалдарын өзүнчө ишке бөлүп чыгууга укуктуу.

2. Тергелип жаткан иш боюнча шектүүгө, айыпталуучуга күнөө тагылган кылмыш же жоруктар менен байланышпаган, башка адам жасаган жаңы кылмыш жана (же) жорук сотко чейинки өндүрүштүн же ишти сотто кароонун жүрүшүндө белгилүү болуп калса, жазык ишинин жана жоруктар жөнүндө иштердин материалдары өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүүгө тийиш. Мындай учурларда сотко чейинки өндүрүш үчүн зарыл болгон материалдар жазык ишинен бөлүнүшү мүмкүн.

3. Эгерде бир же бир нече айыпталуучу сот арачыларынын катышуусу менен соттон баш тартса, анда бир же бир нече айыпталуучуга карата жазык иши өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүүгө тийиш. Жазык ишин өзүнчө өндүрүшкө бөлүүгө мүмкүн болбосо, жазык иши сот арачыларынын катышуусу менен сот тарабынан бүтүндөй каралат.

4. Эгерде жашы жете элек кылмышты жана (же) жорукту жасоого жашы жеткендер менен бирге катышкан болсо, ал жөнүндө иш өзүнчө өндүрүшкө бөлүнөт.

5. Жазык ишинин жана жоруктар жөнүндө иштердин материалдарын бөлүп чыгуу алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн, прокурордун, судьянын токтому, соттун аныктамасы боюнча жүргүзүлөт. Токтомго түп нускаларында же көчүрмөсүндө бөлүнүп чыгуучу материалдардын тизмеси тиркелүүгө тийиш.

6. Эгерде ишти бөлүп чыгуу жазык сот өндүрүшүнүн ар тараптуулугуна жана объективдүүлүгүнө таасирин тийгизбесе, ишти бөлүп чыгууга жол берилет.

7. Кылмышка жана (же) жорукка кошо катышкан адамдын табылбагандыгына байланыштуу, өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөн жазык ишинин жана жоруктар жөнүндө иштердин материалдары боюнча алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү, прокурор, судья, сот тарабынан алгачкы текшерүү органына аны издөө жөнүндө тапшырма жөнөтүлөт.

8. Айыпталуучу адамга карата сотто каралган жазык ишин жана (же) жорук жөнүндө иштин сотко чейинки өндүрүшүнүн жүрүшүндө жазык иши жана (же) жорук жөнүндө иш боюнча бөлүктө же айрым адамдарга карата кыскартуунун мыйзамсыздыгы белгиленген учурда жазык ишинин жана (же) жорук жөнүндө иштин материалдары ошол бөлүктө сот тарабынан бөлүнүп алынат жана анын өтүнүчү боюнча прокурорго жиберилет. Жазык ишинин жана (же) жорук жөнүндө иштин мындай материалдарын бөлүп алуу судьянын токтому, соттун аныктамасы боюнча жүргүзүлөт. Токтомго бөлүнүп алынуучу материалдардын тизмеги түп нускада жана көчүрмөлөрдө тиркелүүгө тийиш.

(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [145-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-145)  
Кийинки берене: [147-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-147)
