# 145-берене. Жазык иштеринин жана жоруктар жөнүндө иштердин материалдарын бириктирүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 19-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112186)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530#diff=1138546..1138547>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-145>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-145.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 145-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-145

---

1. Ушул Кодекстин 505-беренесинде каралган талаптарды сактоо менен, сотко чейинки өндүрүш баскычында бир же бир нече кылмыш жана (же) жорук жасоого катышууда бир нече адамды шектенүү боюнча иштер, бир адамды бир нече кылмыш жана (же) жорук жасады деп шектенүү боюнча иштер, ошондой эле мындай кылмыштарды алдын ала билип туруп жашырууну шектенүү боюнча иштер бир ишке бириктирилиши мүмкүн.

2. Иштерди бириктирүү иштердин бири алардын өндүрүшүндө турган алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн, прокурордун, судьянын токтому, соттун аныктамасы менен жүргүзүлөт.

3. Жоруктар жөнүндө эки же андан ашык иштерди бириктирүү иштердин бири алардын өндүрүшүндө турган алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, судьянын токтому же болбосо соттун аныктамасы менен жүргүзүлөт.

Жоруктар жөнүндө ишти жана жазык ишин бириктирүү жазык иши алардын өндүрүшүндө турган тергөөчүнүн, прокурордун, судьянын токтому же болбосо, соттун аныктамасы менен жүргүзүлөт. Эки же андан ашык жазык иштерин бириктирүү иштердин бири алардын өндүрүшүндө турган тергөөчүнүн, прокурордун, судьянын токтому, соттун аныктамасы менен жүргүзүлөт.

4. Иштерди бириктирүү алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн, прокурордун, судьянын, соттун демилгеси боюнча же болбосо тараптардын өтүнмөсү боюнча жүргүзүлөт.

5. Бир нече иш бириктирилген иш боюнча өндүрүштүн мөөнөтү биринчи болуп иши башталган адамга шектенүү жөнүндө билдирилген күндөн тартып эсептелет.

(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [144-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-144)  
Кийинки берене: [146-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-146)
