145-берене. Жазык иштеринин жана жоруктар жөнүндө иштердин материалдарын бириктирүү
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 19-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29
1. Ушул Кодекстин 505-беренесинде каралган талаптарды сактоо менен, сотко чейинки өндүрүш баскычында бир же бир нече кылмыш жана (же) жорук жасоого катышууда бир нече адамды шектенүү боюнча иштер, бир адамды бир нече кылмыш жана (же) жорук жасады деп шектенүү боюнча иштер, ошондой эле мындай кылмыштарды алдын ала билип туруп жашырууну шектенүү боюнча иштер бир ишке бириктирилиши мүмкүн.
2. Иштерди бириктирүү иштердин бири алардын өндүрүшүндө турган алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн, прокурордун, судьянын токтому, соттун аныктамасы менен жүргүзүлөт.
3. Жоруктар жөнүндө эки же андан ашык иштерди бириктирүү иштердин бири алардын өндүрүшүндө турган алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, судьянын токтому же болбосо соттун аныктамасы менен жүргүзүлөт.
Жоруктар жөнүндө ишти жана жазык ишин бириктирүү жазык иши алардын өндүрүшүндө турган тергөөчүнүн, прокурордун, судьянын токтому же болбосо, соттун аныктамасы менен жүргүзүлөт. Эки же андан ашык жазык иштерин бириктирүү иштердин бири алардын өндүрүшүндө турган тергөөчүнүн, прокурордун, судьянын токтому, соттун аныктамасы менен жүргүзүлөт.
4. Иштерди бириктирүү алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн, прокурордун, судьянын, соттун демилгеси боюнча же болбосо тараптардын өтүнмөсү боюнча жүргүзүлөт.
5. Бир нече иш бириктирилген иш боюнча өндүрүштүн мөөнөтү биринчи болуп иши башталган адамга шектенүү жөнүндө билдирилген күндөн тартып эсептелет.
(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
145-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"Редакцияларды салыштыруу
10.03.2021 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…же бир нече кылмыш жана (же) жорук жасоого катышууда бир нече адамды алынып салынды: айыптоо кошулду: шектенүү боюнча иштер, бир адамды бир нече кылмыш жана (же) жорук жасады деп алынып салынды: айыптоо кошулду: шектенүү боюнча иштер, ошондой эле мындай кылмыштарды алдын ала билип туруп жашырууну алынып салынды: айыптоо кошулду: шектенүү боюнча иштер бир ишке бириктирилиши мүмкүн.
2. Иштерди бириктирүү … адамга шектенүү жөнүндө билдирилген күндөн тартып эсептелет.
кошулду: (КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-145" title="145-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>