# 142-берене. Өткөрүлгөн мөөнөттү узартуу жана калыбына келтирүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 18-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-142>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-142.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 142-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-142

---

1. Процесстик мөөнөттөр ушул Кодексте каралган учурларда жана тартипте гана узартылышы мүмкүн.

2. Жүйөлүү себептер боюнча өткөрүп жиберилген процесстик мөөнөткө даттануу иш анын өндүрүшүндө турган алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн же судьянын токтому менен калыбына келтирилүүгө тийиш. Эгерде жазык сот өндүрүшүн жүргүзүп жаткан органдын тиешелүү чечими менен башкача каралбаса, мында мөөнөт аны өткөрүп жиберген адам үчүн, бирок башка адамдар үчүн эмес, калыбына келтирилет. Мөөнөттү калыбына келтирүүдөн баш тартууга ушул Кодексте белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.

3. Кызыкдар адамдын өтүнүчү боюнча, белгиленген мөөнөтү өтүп кеткендиктен даттанылган чечимдин аткарылышы өткөрүлгөн мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндөгү маселе чечилгенге чейин токтотула турушу мүмкүн.

---

Мурунку берене: [141-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-141)  
Кийинки берене: [143-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-143)
