# 14-берене. Турак жайдын жана башка объекттердин кол тийгистик принциби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 14-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-14

---

1. Ар бир адам өзүнүн менчигинде же башка укукта болгон турак жайынын жана башка объекттеринин кол тийгистигине укуктуу. Алар пайдалануусунда турган адамдын эркине каршы анын менчигинде же башка укукта турган турак жайына жана башка объекттерине кире албайт.

2. Тинтүү, алып коюу, текшерүү жүргүзүүгө жана башка процесстик иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга, ошондой эле өзүнүн менчигинде же башка укукта болгон турак жайына жана башка объекттерге кирүүгө соттун чечиминин негизинде гана жол берилет.

3. Ушул Кодексте каралган учурларда тинтүү, алып коюу, текшерүү жүргүзүүгө жана процесстик иш-аракеттерди ишке ашырууга, ошондой эле өзүнүн менчигинде же башка укукта болгон турак жайга же башка объекттерге кирүүгө соттун чечимисиз жол берилет. Ушундай иш-аракеттердин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү сот тарабынан каралууга тийиш.

4. Ушул беренеде белгиленген кепилдиктер жана чектөөлөр юридикалык жактарга да жайылтылат.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-15)
