# 137-берене. Моралдык зыяндын ордун толтуруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-137>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-137.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 137-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-137

---

1. Келтирилген моралдык зыянды акчалай түрдө компенсациялоо жөнүндө доо Жазык кодексинин 99-беренесинде белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

2. Эгерде реабилитацияланганды кармоо, аны камакка алуу, кызматынан убактылуу четтетүү, ага карата медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө, реабилитацияланганды соттоо жана ага карата башка мыйзамсыз аракеттерди колдонуу басма сөздө жарыяланса, радиодон, теле көрсөтүүдөн же башка жалпыга маалымдоо каражаттарынан берилсе, анда реабилитациялангандын, ал эми өлүп калган учурда анын жакын туугандарынын, жубайынын талабы боюнча же болбосо соттун, прокурордун, тергөө органынын жетекчисинин, тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын жазуу жүзүндөгү көрсөтмөсү боюнча тиешелүү жалпыга маалымдоо каражаттары 30 сутканын ичинде реабилитациялоо жөнүндө билдирүү жасоого милдеттүү.

3. Реабилитациялангандын, ал эми өлүп калган учурда анын жакын туугандарынын, жубайынын талабы боюнча сот, прокурор, тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы 14 суткадан кеч эмес мөөнөттө адамды актаган чечимдердин кабыл алынгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү кабарламаны ал иштеген, окуган же жашаган жерине жиберет.

---

Мурунку берене: [136-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-136)  
Кийинки берене: [138-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-138)
