# 134-берене. Реабилитациялоо укугунун келип чыгышынын негиздери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112186)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 10.03.2021 [Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112186); 31.12.2020 [Закон КР от 31 декабря 2020 года № 13 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам экономической амнистии"](https://aqlex.ai/kg/doc/112153)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530#diff=1138546..1138547>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-134>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-134.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 134-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-134

---

1. Реабилитациялоо укугу өзүнө мүлктүк залалдын ордун толтуруу укугун, моралдык зыяндын кесепеттерин жоюуну жана эмгектик, пенсиялык, турак жайлык жана башка укуктардын калыбына келтирилишин камтыйт. Жаранга жазык куугунтугунун натыйжасында келтирилген залалдын орду алгачкы текшерүү органынын, тергөөчүнүн, прокурордун жана соттун күнөөсүнө карабастан, мамлекет тарабынан толук өлчөмдө толтурулат.

2. Реабилитациялоо укугуна, анын ичинде жазык куугунтугу менен байланышкан залалдын ордун толтуртуу укугуна төмөнкүлөр ээ:

1) ага карата мыйзамдуу күчүнө кирген актоо өкүмү бар соттолуучу;

2) ага карата жазык куугунтугу ушул Кодекстин 26-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2 жана 3 -пункттарында каралган негиздер боюнча кыскартылган айыпкер;

3) өзүнө карата медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары колдонулган адам, - ушул чараны колдонуу жөнүндө соттун мыйзамсыз же негизсиз токтому жокко чыгарылган учурда.

3. Адам өлүп калган учурда реабилитациялоо укугу мыйзамда белгиленген тартипте анын мураскорлоруна өтөт, ал эми төлөп берүү токтотулган пенсияларды жана жөлөкпулдарды алуу бөлүгүндөгү укук - багуучусунан айрылган учурда пенсия менен камсыз кылынуучу адамдардын чөйрөсүнө кирген үй-бүлө мүчөлөрүнө өтөт.

4. Ушул берененин эрежелери төмөнкү учурларга жайылтылбайт:

1) адамга карата колдонулган жазык сот өндүрүшүн камсыз кылуу чаралары же токтом кылынган айыптоо өкүмү жокко чыгарылганда же өзгөртүлгөндө;

2) мунапыс тууралуу акт чыгарылгандыгына байланыштуу иш кыскартылганда;

3) эскирүү мөөнөтү өткөндө;

4) жабырлануучу менен жарашканда;

5) жоопкерчилик тартуучу куракка толбогондо;

6) жоопкерчилик тартуучу куракка толгон, бирок психикалык бузулуу менен байланышпаган психикалык өнүгүүдө артта калуунун натыйжасында өз аракеттеринин (аракетсиздигинин) иш жүзүндөгү мүнөзүн жана коомдук коркунучун толук өлчөмдө аңдап түшүнө албаган жана Жазык кодексинде жана (же) Жоруктар жөнүндө кодексте каралган жорукту жасоо учурунда өзүн башкара албаган жашы жете электерге карата;

7) мүлктү жана кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо объектиси болгон жосундарды жасоого шектелген же айыпталып жаткан адамга карата;

8) жосундардын кылмыштуулугун же жазалануусун четтеткен мыйзам кабыл алынганда.

5. Эгерде адам сотко чейинки өндүрүштүн жана соттук териштирүүнүн жүрүшүндө өзүн-өзү жаманатты кылуу жолу менен ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кесепеттердин келип чыгуусуна көмөктөшкөн болсо, залалдын орду толтурулбайт. Бирок зомбулукту, коркунучту жана башка мыйзамсыз чараларды колдонуунун натыйжасы болгон өзүн-өзү жаманатты кылуу зыяндын ордун толтуртууга тоскоолдук кылбайт. Мында мыйзамсыз чараларды колдонуунун фактысы соттун айыптоо өкүмү менен белгиленүүгө тийиш.

(КР 2020-жылдын 31-декабрындагы № 13, 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [133-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-133)  
Кийинки берене: [135-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-135)
