# 132-берене. Даттанууларды кароонун соттук тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-132>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-132.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 132-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-132

---

1. Прокурордун, тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын жазык иши же болбосо жоруктар жөнүндө иш боюнча токтомдору, ошого тете башка чечимдери жана аракеттери (аракетсиздиктери) сотко чейинки өндүрүштүн жери боюнча сотко даттанылышы мүмкүн.

2. Эгерде анын кызыкчылыгы даттанылып жаткан аракет (аракетсиздик) же чечим менен түздөн-түз козголуп жаткан башка адамдын кызыкчылыгы жазык ишине жана (же) жорук жөнүндө ишке катышып жатса, тергөө судьясы токтомдордун, ошого тете прокурордун, тергөөчүнүн, тергөө органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын башка чечимдеринин жана аракеттеринин (аракетсиздиктеринин) мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерип, ал жөнүндө арыздануучусунун жана анын коргоочусунун, мыйзамдуу өкүлүнүн же өкүлүнүн катышуусу менен соттук отурумда даттануу келип түшкөндөн тартып 3 суткадан кеч эмес мөөнөттө чечим чыгарат. Даттанууну кароонун убактысы жөнүндө өз убагында кабарланган жана аны өздөрүнүн катышуусу менен кароону талап кылбаган адамдардын келбей коюусу сот тарабынан даттанууну кароо үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.

---

Мурунку берене: [131-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-131)  
Кийинки берене: [133-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-133)
