# 131-берене. Прокурордун, тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин даттанууларды кароо тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-131>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-131.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 131-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-131

---

1. Прокурор, тергөө бөлүмүнүн жетекчиси даттанууну алган күндөн тартып 3 суткадан кечиктирбестен аны карап чыгат. Даттанууну текшерүү үчүн кошумча материалдарды талап кылуу же башка чараларды көрүү талап кылынган өзгөчө учурларда даттанууну 10 суткага чейинки мөөнөттө карап чыгууга жол берилет, ал жөнүндө арыз ээсине билдирилет.

2. Даттанууну кароонун жыйынтыгы боюнча прокурор, тергөө бөлүмүнүн жетекчиси даттанылып жаткан чечимди жокко чыгаруу же өзгөртүү менен даттанууну толук же жарым-жартылай канааттандыруу жөнүндө же даттанууну канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат, ал жөнүндө арыз ээсине 12 сааттан ичинде билдирилиши керек.

3. Алгачкы текшерүү органы, тергөөчү прокурордун, тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин кабыл алган чечимин тиешелүү түрдө жогору турган прокурорго же тергөө бөлүмүнүн органынын жетекчисине даттанууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [130-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-130)  
Кийинки берене: [132-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-132)
