# 13-берене. Жазык сот өндүрүшүндө адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоо принциби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 13-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-13

---

1. Ар бир адамга жазык сот өндүрүшүнүн бардык баскычында анын укуктары менен эркиндиктерин соттук коргоого кепилдик берилет.

2. Сот, прокурор, тергөөчү жана алгачкы текшерүү органы жазык процессине катышкан жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоону камсыз кылууга, аларды ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүүгө, процесстин катышуучуларынын мыйзамдуу талаптарын канааттандырууга өз убагында чараларды көрүүгө милдеттүү.

3. Эч ким өзүнө, өзүнүн жубайына жана (же) чөйрөсү ушул Кодекс менен аныкталган жакын туугандарына каршы күбөгө өтүүгө милдеттүү эмес.

4. Жазык иштери боюнча сот ишин жүргүзүүдө жарандын укуктары менен эркиндиктерин бузуунун натыйжасында ага келтирилген залалдын орду мыйзамда белгиленген негиздер боюнча жана тартипте толтурулууга тийиш.

5. Жабырлануучуга, күбөгө же ишке катышкан башка адамдарга, ошондой эле алардын жакын туугандарына, жубайына зомбулук колдонуу, мүлкүн жок кылуу же залалга учуратуу коркунучу келтирилгендиги же башка коркунучтуу, мыйзамга каршы аракеттерге дуушар кылынгандыгы тууралуу жетиштүү маалыматтар болгондо, сот, прокурор, тергөөчү, алгачкы текшерүү органы өз кызмат укуктарынын чегинде андай адамдардын өмүрүн, ден соолугун, ар-намысын, кадыр-баркын жана мүлкүн коргоого мыйзамда каралган чараларды көрүүгө милдеттүү.

6. Сот айыпталуучунун күнөөсүздүгүн көрсөткөн фактылар табылган учурда, аны актоого милдеттүү.

7. Прокурор шектүүнүн, айыпталуучунун күнөөсүздүгүн көрсөткөн фактылар табылган учурда, ал адамды жазыктык куугунтуктоону кыскартуу үчүн чараларды көрүүгө, ал эми айыпталуучуга карата сотто айыптоону колдоодон баш тартууга милдеттүү.

8. Тергөөчү шектүүнүн, айыпталуучунун күнөөсүздүгүн көрсөткөн фактылар табылган учурда, ал адамга карата жазыктык куугунтуктоону токтотууга милдеттүү.

9. Өзүнүн кылмыш жана (же) жорук жасагандыгын жекече моюнга алышынын негизинде гана эч ким соттолууга тийиш эмес.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-14)
