# 128-берене. Даттанууну берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-128>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-128.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 128-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-128

---

1. Даттануу жазык иши же жоруктар жөнүндө иш боюнча жазык сот өндүрүшүн жүргүзүп жаткан, мыйзам боюнча аны кароого жана ал боюнча чечим кабыл алууга укуктуу болгон мамлекеттик органга же кызмат адамына берилет.

2. Даттануу оозеки жана жазуу жүзүндө болушу мүмкүн. Оозеки даттануу протоколго түшүрүлөт, ага даттануучу жана аны кабыл алган кызмат адамы кол коет. Даттанууга кошумча материалдар тиркелиши мүмкүн.

3. Даттанууну берген адам аны кайра чакырып алууга укуктуу. Шектүү, айыпталуучу жактоочунун даттануусун чакыртып алууга укуктуу; жабырлануучу (жекече айыптоочу), жарандык жоопкер мыйзамдуу өкүлдөн тышкары, өзүнүн өкүлүнүн даттануусун чакыртып алууга укуктуу. Даттанууну чакыртып алуу аны кайтадан берүүгө тоскоолдук кылбайт.

4. Эгерде тергөөчү, прокурор же судья керек деп таппаса, даттануунун берилиши даттанылып жаткан иш-аракетти жүргүзүүнү жана даттанылып жаткан чечимди аткарууну токтотпойт.

---

Мурунку берене: [127-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-127)  
Кийинки берене: [129-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-129)
