# 126-берене. Өтүнмө билдирүү жана аны чечүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 15-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-126>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-126.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 126-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-126

---

1. Өтүнмө жазык иши жана жоруктар жөнүндө иш боюнча жазык сот өндүрүшүнүн каалаган баскычында билдирилиши мүмкүн. Жазуу жүзүндөгү өтүнмөлөр ишке тиркелет, оозеки түрүндөгү өтүнмөлөр тергөө амалдарын же сот отурумунун протоколуна киргизилет.

2. Өтүнмө билдирилгенден кийин, ал каралууга жана чечилүүгө тийиш. Өтүнмө боюнча чечимди тез арада кабыл алуу мүмкүн болбогон учурда, ал билдирилген күндөн тартып 3 суткадан кечиктирилбестен чечилүүгө тийиш.

3. Өтүнмөнү канааттандыруудан толук же жарым-жартылай баш тартуу жөнүндө алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү, прокурор, судья - токтом, ал эми сот - аныктама чыгарып, ал өтүнмө билдирген адамга жеткирилет.

4. Өтүнмөнү четке кагуу жазык сот өндүрүшүнүн кийинки этаптарында аны кайтадан билдирүүгө тоскоолдук кылбайт.

5. Өтүнмө боюнча чечим ушул Кодексте белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [125-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-125)  
Кийинки берене: [127-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-127)
