# 125-берене. Өтүнмө билдирүүгө укуктуу адамдар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 15-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-125>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-125.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 125-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-125

---

1. Шектүү, айыпталуучу жана алардын жактоочулары, жабырлануучу, анын мыйзамдуу өкүлү жана өкүлү, жекече айыптоочу, эксперт, уюмдун администрациясынын өкүлү жана сотко чейинки же соттук өндүрүштүн жүрүшүндө укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары козголгон башка адам процесстик иш-аракеттерди жүргүзүү же жазык иши, ошондой эле жорук жөнүндө иш үчүн мааниге ээ болгон жагдайларды белгилөө, ошондой эле өтүнмө менен кайрылган адамдын же болбосо аларга сунушталган адамдын же уюмдун укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу үчүн процесстик чечимдерди кабыл алуу жөнүндө өтүнмө менен алгачкы текшерүү органына, тергөөчүгө, прокурорго, ошондой эле сотко кайрылууга укуктуу.

2. Сотко чейинки өндүрүштүн жана соттук териштирүүнүн жүрүшүндө мамлекеттин кызыкчылыгында өтүнмө билдирүү укугуна прокурор, мамлекеттик айыптоочу ээ.

---

Мурунку берене: [124-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-124)  
Кийинки берене: [126-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-126)
