# 124-берене. Жакындоого тыюу салуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-124>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-124.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 124-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-124

---

1. Жакындоого тыюу салуу шектүүнү, айыпкерди жабырлануучу жана башка адамдар менен жолугушуулардан аларды коргоо максатында чектөөдөн турат.

2. Судья, тергөөчү, тергөө органынын ыйгарым укуктуу адамы шектүүгө, айыпкерге корголуучу адамдарды издөөгө, артынан түшүүгө, барууга, алар менен оозеки, телефондон сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана башка ыкмалар менен сүйлөшүүгө, аларга 10 метрден аз аралыкка жакындоого тыюу салууга укуктуу.

3. Жакындоого тыюу салуу корголууга жаткан адамдын арызы боюнча судьянын, тергөөчүнүн, тергөө органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын токтомунун негизинде колдонулат. Токтомдо жазык сот өндүрүшүн камсыз кылуунун бул түрүн колдонуунун негиздери жана жакындоого тыюу салуунун түрлөрү, ошондой эле анын сакталышы үчүн контроль жүктөлгөн тергөө органы көрсөтүлүүгө тийиш. Жакындоого тыюу салуу жөнүндө токтомдун көчүрмөсү шектүүгө, айыпкерге, коргоочу адамга жана контролду жүзөгө ашыруучу тергөө органына тапшырылат.

4. Жакындоого тыюу салуу бузулганда шектүүгө, айыпкерге карата ушул Кодекстин 106-беренесинде каралган бөгөт коюу чараларынын түрлөрүнүн бири колдонулушу мүмкүн.

---

Мурунку берене: [123-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-123)  
Кийинки берене: [125-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-125)
