# 123-берене. Мүлккө камак салуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112186)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530#diff=1138546..1138547>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-123>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-123.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 123-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-123

---

1. Материалдык залалдын жана (же) моралдык зыяндын, башка мүлктүк жаза чараларынын ордун толтуруу же мүлктү мүмкүн болуучу конфискациялоо бөлүгүндө өкүмдү аткарууну камсыз кылуу максатында сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыруучу жак мүлккө камак салуу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.

2. Ушул беренеде каралган тартипте жана шарттарда материалдык залалдын жана (же) моралдык зыяндын ордун толтурууну камсыз кылуу максатында жабырлануучу тергөө судьясына мүлккө камак салуу жөнүндө өтүнмө берүүгө укуктуу.

3. Мүлккө камак салууда сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыруучу адам, эгерде алар шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринин натыйжасында алынган деп болжогон жетиштүү негиздер болгондо, тергөө судьясынын алдында шектүүнүн, материалдык залалдын жана (же) моралдык зыяндын ордун толтуруу үчүн жооптуу адамдын мүлкүнө камак салуу жөнүндө токтом чыгарат. Токтомго өтүнмөнүн негиздүүлүгүн ырастоочу иштин материалдарынын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү тиркелет.

4. Өтүнмө кылмыштын кыскача баяндамасын, квалификациясын, шектүү жөнүндө маалыматтарды, ага камак салуу сунуш кылынган мүлк жөнүндө маалыматтарды жана келтирилген зыяндын өлчөмүнө бирдейлигин эске алуу менен мүлккө камак салуунун зарылдыгы жөнүндө тыянактарды камтыйт.

5. Сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыруучу адамдын мүлккө камак салуу жөнүндө өтүнүчтү козгоо жөнүндө токтому жана ага карата материалдар тергөө судьясына камак салууга жаткан мүлк аныкталган учурдан тартып 48 сааттан кеч эмес берилүүгө тийиш.

Өтүнүчтүн негиздүүлүгүн ырастоочу тиркелген документтер менен мүлккө арыз салуу жөнүндө өтүнмөнү козгоо жөнүндө токтомдун көчүрмөсү шектүүгө, анын коргоочусуна тергөө органынын ыйгарым укуктуу адамы, тергөөчү тарабынан аны тергөө судьясына бергенге чейин 3 сааттан кеч эмес мөөнөттө тапшырылат.

6. Мүлккө камак салуу менчик ээсине же мүлктүн ээсине аны тескөөгө жана зарыл учурларда аны пайдаланууга тыюу салуудан, ошондой эле мүлктү алып коюудан жана сактоого өткөрүп берүүдөн турат.

7. Мүлккө камак салууга адис катышышы мүмкүн.

8. Тергөө судьясы тарабынан камак салынган мүлк алынып коюлушу же болбосо мүлктүн сакталышы үчүн жоопкерчилик жөнүндө эскертилүүгө тийиш болгон ошол мүлктүн ээсине же болбосо башка адамга сактоого өткөрүп берилиши мүмкүн, протоколго бул жөнүндө тиешелүү жазуу жазылат.

9. Шектүүгө таандык болгон акча каражаттарына жана банктардагы жана башка кредиттик уюмдардагы анын эсебинде, салымында же сактоодо турган башка баалуулуктарына камак салууда, ал эсеп боюнча операциялар толугу менен же камак салынган акча каражаттарынын жана башка баалуулуктарынын чектеринде жарым-жартылай токтотулат. Банктардын жана башка кредиттик уюмдардын жетекчилери ал акча каражаттары жана баалуулуктар жөнүндө маалыматты тергөө судьясынын, соттун суроо-талабы боюнча берүүгө милдеттүү.

10. Камак салынууга жаткан мүлк жашырып коюлушу же жок болушу мүмкүн деп болжолдоого негиздер болгон учурларда, сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыруучу адам мүлк менен бүтүмдөрдү жана башка операцияларды жасоону токтото туруу жөнүндө токтом чыгарууга укуктуу же болбосо ал тергөө судьясынан мындай чечим милдеттүү түрдө алынгандан тартып 24 сааттын ичинде тергөө судьясынын чечими алынганга чейин алынып коюлушу мүмкүн.

11. Мүлктү камакка алууда ушул Кодекстин 163-беренесинин талаптарына ылайык протокол түзүлөт. Протоколдун көчүрмөсү анын мүлкүнө камак салынган адамга тапшырылат.

Камакка алынууга тийиш мүлк болбосо, бул жөнүндө протоколдо көрсөтүлөт.

12. Мүлктү камакка алуу чарасын колдонуунун зарылдыгы жок болгондо, бул иш өндүрүшүндө турган адамдын же органдын токтомунун негизинде жокко чыгарылат.

13. Мүлктү мүмкүн болуучу конфискациялоону же кылмыш менен келтирилген залалдын ордун толтурууну камсыз кылуу максатында, баалуу кагаздарга же болбосо алардын сертификатына камак салуу мүлктүн турган жери боюнча жана ушул берененин талаптарын сактоо менен баалуу кагаздардын ээсинин укуктары эсепке алынган жер боюнча салынат.

14. Баалуу кагаздарга камак салуу жөнүндө протоколдо төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) камакка алынган баалуу кагаздардын жалпы саны, алардын түрү, категориясы (тиби) же сериясы;

2) номиналдуу наркы;

3) мамлекеттик каттоо номери;

4) эмитент жөнүндө же баалуу кагаздарды берген же болбосо баалуу кагаздардын ээсинин укуктарын эсепке алууну жүзөгө ашырган адамдар жөнүндө, ошондой эле эсепке алуу жүргүзүлгөн жер жөнүндө маалыматтар;

5) камак салынган баалуу кагаздарга менчик укугун ырастоочу документтер жөнүндө маалымат.

15. Камак салынган баалуу кагаздарды жоюу, алар боюнча кирешелерди төлөп берүү, аларды конвертациялоо, алмаштыруу боюнча же алар менен башка аракеттерди жасоонун тартиби мыйзамда белгиленет.

16. Ишти өз өндүрүшүнө алган судьянын чечими боюнча мүлккө камак салуу сот аткаруучусу тарабынан жүзөгө ашырылат.

17. Жүргүзүлгөн мүлккө камак салуу жөнүндө сот аткаруучусу мүлк тизмесин түзөт, анын көчүрмөсү мүлкүнө камак салынган адамга тапшырылат, ал жөнүндө тиешелүү жазуу жазылат, ал эми мүлк тизмеси мүлккө камак салуу жөнүндө чечим чыгарган судьяга жиберилет.

(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [122-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-122)  
Кийинки берене: [124-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-124)
