# 122-берене. Кызматтан убактылуу четтетүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112186)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530#diff=1138546..1138547>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-122>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-122.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 122-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-122

---

1. Сотко чейинки өндүрүштө тергөө судьясы, ал эми сот өндүрүшүндө - сот тергөө органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн, прокурордун же жабырлануучунун өтүнмөсү боюнча сот отуруму өткөрүлгөндөн кийин, ал бул кызматта калуу менен, ишти сотто калыс кароого же териштирүүгө тоскоолдук кылат же бул кызматта туруу менен байланышкан кылмыштуу ишти жасоону улантат деп болжолдоого жетиштүү негиздер болгондо, шектенүүчүнү, айыпкерди кызматынан убактылуу бошотууга укуктуу.

2. Өтүнүчтүн негиздүүлүгүн ырастоочу документтерди тиркөө менен кызматтан убактылуу четтетүү жөнүндө өтүнмөнү козгоо жөнүндө токтомдун көчүрмөсү тергөө органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү, прокурор тарабынан шектүүгө, анын коргоочусуна аны тергөө судбясына, сотко бергенге чейин 3 сааттан кеч эмес мөөнөтө” тапшырылат.

3. Шектүүнү, айыпкерди кызматынан убактылуу четтетүү жөнүндө тергөө судьясынын токтому, соттун аныктамасы алар иштеген жер боюнча уюмдун жетекчисине жиберилип, жетекчи аларды алгандан кийин 3 күндүк мөөнөттө аткарууга жана бул жөнүндө тергөө органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына, тергөөчүгө, прокурорго же сотко маалымдоого милдеттүү.

4. Шектүүнү, айыпкерди кызматынан убактылуу четтетүү чарасын колдонуунун зарылдыгы жок болгондо, тергөө судьясынын , судьянын токтому , соттун аныктамасы менен жокко чыгарылат.

(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [121-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-121)  
Кийинки берене: [123-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-123)
