122-берене. Кызматтан убактылуу четтетүү
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 14-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29
1. Сотко чейинки өндүрүштө тергөө судьясы, ал эми сот өндүрүшүндө - сот тергөө органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн, прокурордун же жабырлануучунун өтүнмөсү боюнча сот отуруму өткөрүлгөндөн кийин, ал бул кызматта калуу менен, ишти сотто калыс кароого же териштирүүгө тоскоолдук кылат же бул кызматта туруу менен байланышкан кылмыштуу ишти жасоону улантат деп болжолдоого жетиштүү негиздер болгондо, шектенүүчүнү, айыпкерди кызматынан убактылуу бошотууга укуктуу.
2. Өтүнүчтүн негиздүүлүгүн ырастоочу документтерди тиркөө менен кызматтан убактылуу четтетүү жөнүндө өтүнмөнү козгоо жөнүндө токтомдун көчүрмөсү тергөө органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү, прокурор тарабынан шектүүгө, анын коргоочусуна аны тергөө судбясына, сотко бергенге чейин 3 сааттан кеч эмес мөөнөтө” тапшырылат.
3. Шектүүнү, айыпкерди кызматынан убактылуу четтетүү жөнүндө тергөө судьясынын токтому, соттун аныктамасы алар иштеген жер боюнча уюмдун жетекчисине жиберилип, жетекчи аларды алгандан кийин 3 күндүк мөөнөттө аткарууга жана бул жөнүндө тергөө органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына, тергөөчүгө, прокурорго же сотко маалымдоого милдеттүү.
4. Шектүүнү, айыпкерди кызматынан убактылуу четтетүү чарасын колдонуунун зарылдыгы жок болгондо, тергөө судьясынын , судьянын токтому , соттун аныктамасы менен жокко чыгарылат.
(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
122-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"Редакцияларды салыштыруу
10.03.2021 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү, прокурор тарабынан шектүүгө, алынып салынды: айыпкерге, анын алынып салынды: коргоочусуна, кошулду: коргоочусуна аны тергөө алынып салынды: судьясына кошулду: судбясына, сотко бергенге чейин 3 сааттан кеч эмес алынып салынды: мөөнөттө кошулду: мөөнөтө” тапшырылат.
3. Шектүүнү, айыпкерди кызматынан убактылуу четтетүү … органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына, тергөөчүгө, прокурорго кошулду: же сотко маалымдоого милдеттүү.
4. Шектүүнү, айыпкерди кызматынан убактылуу четтетүү чарасын колдонуунун зарылдыгы жок болгондо, алынып салынды: ал тергөө алынып салынды: органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн, прокурордун, тергөө судьясынын, кошулду: судьясынын , судьянын токтому , соттун алынып салынды: токтому кошулду: аныктамасы менен жокко чыгарылат.
кошулду: (КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-122" title="122-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>