# 120-берене. Келип туруу жөнүндө милдеттенме алуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-120>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-120.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 120-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-120

---

1. Шектүү, айыпталуучу, ошондой эле жабырлануучу же күбө тергөө амалдарына же соттук териштирүүгө катышуудан четтеши мүмкүн деп болжоого жетиштүү негиз болгон учурда же чакырган учурда жүйөлүү себептерсиз келбей коюшканда, бул адамдардан келип туруу жөнүндө милдеттенме алынышы мүмкүн.

2. Жазыктык сот өндүрүшүн жүргүзүүчү орган процесстин нормалдуу жүрүшүн камсыз кылуу максатында ушул берененин 1-бөлүгүндө аталган адамдарды тиешелүү органга же сотко чакыруу боюнча өз учурунда келиши, ал эми жашаган жерин өзгөрткөн учурда - бул жөнүндө токтоосуз билдириши тууралуу жазуу жүзүндө милдеттенмени алууга укуктуу. Келип туруу жөнүндө милдеттенме алган аталган адамдар аны аткарбагандыктын кесепеттери жөнүндө эскертилет.

3. Келип туруу жөнүндө милдеттенмелер шектүү, айыпкер, жабырлануучу, күбө тарабынан аткарылбаганда, айдатып келүү колдонулушу мүмкүн.

---

Мурунку берене: [119-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-119)  
Кийинки берене: [121-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-121)
