# 12-берене. Инсандын кол тийгистик принциби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 12-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-12

---

1. Ушул Кодексте каралгандан башка негизде жана тартипте эч ким камакка алынышы мүмкүн эмес. Соттун чечимине чейин адам 48 сааттан ашык мөөнөткө, ал эми жашы жетелек адам - 24 сааттан ашык мөөнөткө кармалышы мүмкүн эмес.

2. Сот, прокурор, тергөөчү жана алгачкы текшерүү органы кармалган же эркинен ажыратылган же медициналык же психиатриялык стационарга мыйзамсыз жайгаштырылган же ушул Кодексте каралгандагыдан ашык мөөнөткө камакта кармалган адамды токтоосуз бошотууга милдеттүү.

3. Кыйноолорду жана катаал мамилени колдонуу жолу менен алынган кандай болбосун далилдер, сот тарабынан кабыл алынбашы керек.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-13)
