# 119-берене. Жазык сот өндүрүшүн камсыз кылуунун башка чараларын колдонуу үчүн негиздер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-119>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-119.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 119-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-119

---

1. Ушул Кодексте каралган сотко чейинки жана сот өндүрүшүн жүргүзүүнүн тартибин, өкүмдүн тиешелүү түрдө аткарылышын камсыз кылуу максатында жазык сот өндүрүшүн жүргүзгөн орган шектүүгө, айыпкерге карата төмөнкү түрдөгү жазык сот өндүрүшүн камсыз кылуу чараларын колдонууга укуктуу:

1) келүү жөнүндө милдеттенме;

2) айдатып келүү;

3) кызматтан убактылуу четтетүү;

4) мүлккө камак салуу;

5) жакын келүүгө тыюу салуу.

2. Ушул Кодексте каралган учурларда өндүрүшүндө иш турган орган жабырлануучуга, күбөгө жана процесстин башка катышуучуларына келип туруу жөнүндө милдеттенме алуу, айдап келүү түрүндөгү жазыктык сот өндүрүшүн камсыз кылуу чараларын колдонууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [118-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-118)  
Кийинки берене: [120-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-120)
