# 118-берене. Бөгөт коюу чарасын жокко чыгаруу же өзгөртүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-118>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-118.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 118-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-118

---

1. Эгерде буга мындан ары зарылдык жок болгондо, бөгөт коюу чарасы жокко чыгарылат же болбосо иштин жаңы жагдайлары түзүлгөн учурда кыйла жумшак же кыйла катуу чарага өзгөртүлөт. Бөгөт коюу чарасын өзгөртүү тергөө судьясынын жүйөлөштүрүлгөн токтому же соттун аныктамасы боюнча жүргүзүлөт.

2. Шектүүдө, айыпкерде камакка алууга жол бербеген, медициналык корутунду менен ырасталган оор оору аныкталса, камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы анча катуу эмесине өзгөртүлүшү мүмкүн. Шектүүлөрдү, айыптууларды камакка алууга тоскоолдук кылган оор оорулардын тизмеси Өкмөт тарабынан бекитилет.

Караңыз: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 296 "Кылмышка шектүүлөрдү, айыпталуучуларды камакта кармоого тоскоол болгон оор оорулардын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому

3. Жазык куугунтугун токтотуу, тергөөнүн мөөнөттөрүн узартпоо бөгөт коюу чарасын токтоосуз өзгөртүүгө алып келет. Бөгөт коюу чарасын жокко чыгаруу жазык өндүрүшүндө жазык иши бар органдын токтому боюнча жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [117-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-117)  
Кийинки берене: [119-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-119)
