# 116-берене. Камакка алуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112186)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530#diff=1138546..1138547>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-116>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-116.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 116-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-116

---

1. Бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу жазык мыйзамы менен 5 жылдан ашык мөөнөткө эркинен ажыратуу түрүндөгү жаза каралган кылмыштарды жасоодон шек саналган, айыпталган адамдарга карата башка, кыйла жеңил бөгөт коюу чарасын колдонуу мүмкүн болбогондо соттун чечими боюнча колдонулат. Камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонууда тергөөчү судьянын, судьянын токтомунда, соттун аныктамасында алардын негизинде, сот мындай чечимди кабыл алган конкреттүү, иш жүзүндөгү жагдайлар көрсөтүлүүгө тийиш. Соттук отурумдун жүрүшүндө текшерилбеген же болбосо ушул Кодекстин талаптарын бузуу менен берилген маалыматтар мындай жагдайлар болуп саналбайт.

2. Өзгөчө учурларда бөгөт коюунун бул чарасы төмөнкү жагдайлардын бири болгондо 5 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу түрүндөгү жаза каралган, кылмыштарды жасоодон шек саналган, айыпталган адамдарга карата колдонулушу мүмкүн:

1) шектүүнүн, айыпкердин Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу же убактылуу жашаган жери болбогондо;

2) анын инсандыгы аныкталбаганда;

3) ал тарабынан мурда колдонулган бөгөт коюу чарасы бузулганда;

4) ал сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыруучу органдан же соттон жашынганда.

3. Эгерде камакта кармоо түрүндөгү бөгөт коюу чарасы ушул берененин 2-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык шектүү, айыпкер болбогондо колдонулса, анын кармалышынын мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерүү үчүн бул адам иш жүзүндө тергөө органына жеткирилген учурдан тартып 48 сааттын ичинде сотко жеткирилүүгө тийиш.

4. Жазык иши алардын өндүрүшүндө турган тергөөчү, сот 12 сааттын ичинде шектүүнүн, айыпталуучунун жакын туугандарына, жубайына, ал эми аскер кызматчысына карата аскер бөлүгүнүн командачылыгына анын камакта кармай турган жер жөнүндө же камакта кармоо жеринин өзгөрүшү жөнүндө маалымдайт.

5. Жакын туугандары, жубайы менен жолугушуу камакта кармоо түрүндөгү бөгөт коюу чарасы колдонулган адамга карата иш алардын өндүрүшүндө турган тергөөчүнүн же соттун уруксаты менен гана берилиши мүмкүн.

6. Тергөөчү, сот коргоо тарабынан өтүнмө боюнча медициналык кароо жүргүзүү үчүн камакка алынган адамга өз убагында (12 сааттан кеч эмес) кирип турууну камсыз кылууга, ал эми зарыл болгон учурда комиссиялык соттук-медициналык экспертиза жүргүзүүнү дайындоого милдеттүү.

7. Адамды камакта кармоочу жайдын администрациясы камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө соттун токтомуна адамдын даттануусун алган учурда, бул жөнүндө прокурорго маалымдоо менен даттанууну алган учурдан тартып 12 сааттан кеч эмес мөөнөттө тиешелүү сотко жиберүүгө милдеттүү.

8. Судья тарабынан бөгөт коюу чарасын колдонуудан баш тартуу жөнүндө токтом чыгарылгандан кийин бир эле адамдын ошол эле жазык иши боюнча камакка алуу жөнүндө сунуштама менен сотко кайталап кайрылуу адамды камакка алуунун зарылдыгын негиздеген жаңы жагдайлар пайда болгондо гана болушу мүмкүн.

9. Эгерде айыпкерге карата бөгөт коюу чарасы катары камакка алууну колдонуу жөнүндө маселе сотто келип чыкса, анда бул жөнүндө чечимди тараптын өтүнмөсү боюнча же өз демилгеси боюнча сот кабыл алып, ал жөнүндө аныктама же токтом чыгарылат.

(В редакции Закона КР от 10 марта 2021 года № 29)

---

Мурунку берене: [115-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-115)  
Кийинки берене: [117-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-117)
