# 115-берене. Үй камагы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112186)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530#diff=1138546..1138547>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-115>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-115.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 115-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-115

---

1. Үй камагы шектүүгө, айыпкерге ары-бери жүрүү эркиндигин чектөө менен байланышкан камак болуп саналат, аларга белгилүү бир адамдар менен сүйлөшүүгө, кат-кабар алууга жана жөнөтүүгө; турак жайынан сутка бою же сутканын белгилүү бир мезгилинде чыгып кетүүгө; соттун уруксатысыз администрациялык аймактын чегинен чыгууга, маалыматтык-телекоммуникациялык байланышты пайдаланууга тыюу салынат.

2. Үй камагы шектүүгө, айыпкерге карата тергөө судьясынын, судьянын токтому, соттун аныктамасы боюнча ушул Кодекстин 107, 108-беренелеринде белгиленген негиздер болгондо жана тартипте бөгөт коюу чарасы катары колдонулат.

3. Үй камагы түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө тергөө судьясынын, судьянын токтомунда, соттун аныктамасында бул бөгөт коюу чарасын аткаруунун шарттары (шектүү, айыпкер боло турган жер, үй камагынын мөөнөтү жана (же) шектүүгө, айыпкерге карата белгиленген тыюу салуулар жана (же) чектөөлөр) көрсөтүлүп, ошондой эле белгиленген чектөөлөрдүн аткарылышы үчүн контролду жүзөгө ашыруу жүктөлгөн орган жана кызмат адамы көрсөтүлөт.

Контролду жүзөгө ашыруу максатында контролдун аудиокөрмө, электрондук жана башка техникалык каражаттары Өкмөт тарабынан белгиленген тартипте пайдаланылышы мүмкүн.

4. Шектүү, айыпкер үй камагынын шарттарын бузган учурда, ага карата камакка алуу түрүндөгү жаза чарасы колдонулуп, ал жөнүндө тергөө судьясынын токтомунда же бөгөт коюу чарасын өзгөртүү жөнүндө соттун аныктамасында көрсөтүлөт.

(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [114-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-114)  
Кийинки берене: [116-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-116)
