# 112-берене. Аскер бөлүгүнүн командачылыгынын аскер кызматчыларына байкоо жүргүзүүсү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-112>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-112.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 112-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-112

---

1. Аскер бөлүгүнүн командачылыгынын аскер кызматчысы же окуу жыйындарына чакырылган аскерге милдеттүү болуп саналган шектүүгө, айыпталуучуга байкоо жүргүзүүсү Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн уставдарында каралган жана бул адамдын талаптагыдай жүрүм-турумун жана алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн, прокурордун же соттун чакыруусу боюнча келишин камсыз кылууга жарактуу чараларды көрүүсүнөн турат.

2. Аскер бөлүгүнүн командачылыгына аталган бөгөт коюу чарасы колдонулган иштин маңызы жөнүндө билдирилет. Аскер бөлүгүнүн командачылыгы айыпталуучуга, шектүүгө байкоо жүргүзүү белгиленгендиги жөнүндө алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызматкерине, тергөөчүгө же сотко жазуу жүзүндө маалымдайт.

3. Айыпталуучу, шектүү алдын алуу үчүн аталган бөгөт коюу чарасы тандалып алынган аракеттерди жасаган учурда, командачылык алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына, тергөөчүгө же сотко дароо кабарлоого милдеттүү.

---

Мурунку берене: [111-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-111)  
Кийинки берене: [113-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-113)
