# 110-берене. Бөгөт коюу чараларын колдонуу жөнүндө токтом жана аныктама

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-110>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-110.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 110-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-110

---

1. Бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө судья токтом чыгарат, ал эми сот шектелип жаткан кылмышты көрсөткөн жана бөгөт коюунун бул чарасын колдонуу үчүн негиздерди камтыган аныктама чыгарат.

2. Токтомдун же аныктаманын көчүрмөлөрү ага карата чыгарылган адамга, ошондой эле анын жактоочусуна, мыйзамдуу өкүлүнө жана прокурорго тез арада берилет.

3. Бөгөт коюу чарасы тандалып алынган адамга бир эле убакта ушул Кодекстин 16-главасында аныкталган бөгөт коюу чарасын тандоо жөнүндө чечимге даттануу тартиби түшүндүрүлөт.

---

Мурунку берене: [109-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-109)  
Кийинки берене: [111-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-111)
