# 11-берене. Инсандын ар-намысын жана кадыр-баркын урматтоо принциби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 11-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-11

---

1. Инсандын ар-намысын жана кадыр-баркын урматтоо жазык сот өндүрүшүнө катышкан бардык органдар жана адамдар үчүн милдеттүү.

2. Тергөө, сот жана башка процесстик иш-аракеттерди жүргүзүүдө коркутууга, зомбулук жана башка мыйзамсыз аракеттерди жасоого жол берилбейт.

3. Бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу тандалып алынган адамды, ошондой эле кылмыш жана (же) жорук жасоодо шектүү болуп кармалган адамды камакта кармоо анын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирбей турган шартта жүзөгө ашырылууга тийиш.

4. Ишке катышкан адамдардын эч кимиси зомбулукка, кыйноолорго жана башка ырайымсыз же адамдын кадыр-баркын кемсинтүүчү мамилеге жана жазага тартылышы мүмкүн эмес.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-12)
