# 106-берене. Бөгөт коюу чаралары жана алардын түрлөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 декабря 2020 года № 13 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам экономической амнистии"](https://aqlex.ai/kg/doc/112153)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530#diff=1138545..1138546>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-106>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-106.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 106-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-106

---

1. Жазык иши жана (же) жоруктар жөнүндө иш боюнча сотко чейинки өндүрүштүн жана соттук териштирүүнүн жүрүшүндө анын тийиштүү эмес жүрүм-турумун болтурбоо үчүн шектүүгө, айыпкерге карата колдонулуучу чаралар бөгөт коюу чаралары болуп саналат.

2. Бөгөт коюу чараларынын түрлөрү:

1) башка жакка кетпөө жөнүндө кол кат алуу;

2) аскер бөлүгүнүн командачылыгынын көзөмөлдөөсүнө берүү;

3) жашы жете электи ата-энесинин же аларды алмаштырган адамдардын жана уюмдардын көз салуусуна берүү;

4) күрөө алуу;

5) үй камагы;

6) камакка алуу.

3. Жоруктар жөнүндө иш боюнча үй камагы жана камакта кармоо колдонулбайт.

4. Ишкердик жана бизнес менен алектенген адамдарга карата менчикке каршы (Жазык кодексинин 205 жана 209-беренелери), экономикалык ишти жүзөгө ашыруунун тартибине каршы (Жазык кодексинин 211, 213, 216, 218, 222 жана 223-беренелери), салык салуу чөйрөсүндөгү (Жазык кодексинин 227-232-беренелери), коммерциялык жана башка уюмдардагы кызматтын кызыкчылыктарына каршы (Жазык кодексинин 233 жана 234-беренелери) кылмыштар боюнча камакка алуу колдонулбайт.

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде тергөө органынан жашынып жүргөн адамдарга ушул бөлүктүн ченемдери жайылтылбайт. (КР 2020-жылдын 31-декабрындагы № 13 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [105-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-105)  
Кийинки берене: [107-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-107)
