Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
106-берене. Бөгөт коюу чаралары жана алардын түрлөрү
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 13-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 31 декабря 2020 года № 13
1. Жазык иши жана (же) жоруктар жөнүндө иш боюнча сотко чейинки өндүрүштүн жана соттук териштирүүнүн жүрүшүндө анын тийиштүү эмес жүрүм-турумун болтурбоо үчүн шектүүгө, айыпкерге карата колдонулуучу чаралар бөгөт коюу чаралары болуп саналат.
2. Бөгөт коюу чараларынын түрлөрү:
1) башка жакка кетпөө жөнүндө кол кат алуу;
2) аскер бөлүгүнүн командачылыгынын көзөмөлдөөсүнө берүү;
3) жашы жете электи ата-энесинин же аларды алмаштырган адамдардын жана уюмдардын көз салуусуна берүү;
4) күрөө алуу;
5) үй камагы;
6) камакка алуу.
3. Жоруктар жөнүндө иш боюнча үй камагы жана камакта кармоо колдонулбайт.
4. Ишкердик жана бизнес менен алектенген адамдарга карата менчикке каршы (Жазык кодексинин 205 жана 209-беренелери), экономикалык ишти жүзөгө ашыруунун тартибине каршы (Жазык кодексинин 211, 213, 216, 218, 222 жана 223-беренелери), салык салуу чөйрөсүндөгү (Жазык кодексинин 227-232-беренелери), коммерциялык жана башка уюмдардагы кызматтын кызыкчылыктарына каршы (Жазык кодексинин 233 жана 234-беренелери) кылмыштар боюнча камакка алуу колдонулбайт.
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде тергөө органынан жашынып жүргөн адамдарга ушул бөлүктүн ченемдери жайылтылбайт. (КР 2020-жылдын 31-декабрындагы № 13 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 31 декабря 2020 года № 13 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам экономической амнистии"Редакцияларды салыштыруу
31.12.2020 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жөнүндө иш боюнча үй камагы жана камакта кармоо колдонулбайт. кошулду: 4. Ишкердик жана бизнес менен алектенген адамдарга карата менчикке каршы (Жазык кодексинин 205 жана 209-беренелери), экономикалык ишти жүзөгө ашыруунун тартибине каршы (Жазык кодексинин 211, 213, 216, 218, 222 жана 223-беренелери), салык салуу чөйрөсүндөгү (Жазык кодексинин 227-232-беренелери), коммерциялык жана башка уюмдардагы кызматтын кызыкчылыктарына каршы (Жазык кодексинин 233 жана 234-беренелери) кылмыштар боюнча камакка алуу колдонулбайт. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде тергөө органынан жашынып жүргөн адамдарга ушул бөлүктүн ченемдери жайылтылбайт. (КР 2020-жылдын 31-декабрындагы № 13 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-106" title="106-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>