# 104-берене. Кармоо жөнүндө шектүүнүн туугандарына жана коргоочусуна маалымдоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112186)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530#diff=1138546..1138547>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-104>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-104.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 104-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-104

---

1. Иш жүзүндө кармалгандан кийин тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы шектүүнүн кармалгандыгы жөнүндө жакын туугандарынын кимдир бирөөнө, жубайына, ошондой эле коргоочусуна токтоосуз маалымдоого жана шектүүнүн өзүнө акысыз маалымдоонун мүмкүнчүлүгүн берүүгө милдеттүү. Жасалган маалымдоо жөнүндө кармоо жөнүндө токтомуна белги коюлат.

2. Эгерде кармалган шектүү башка мамлекеттин жараны болуп саналса, ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн тартипте ал мамлекеттин элчилигине же болбосо консулдугуна маалымдалууга тийиш, бул жөнүндө кармоо жөнүндө токтомуна белги коюлат. Кыргыз Республикасынын аймагында кармалган шектүү жараны болуп саналган мамлекеттин элчилиги же консулдугу жок учурда, маалымдоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет.

3. Кылмыш жана (же) жорук жасоодон шек саналган жашы жетпеген адамды кармоодо анын мыйзамдуу өкүлдөрүнө жана балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга токтоосуз кабарланат.

(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [103-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-103)  
Кийинки берене: [105-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-105)
