# 102-берене. Кармалган шектүүнү бошотуунун негиздери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-102>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-102.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 102-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-102

---

1. Кармалган шектүү соттун чечими боюнча, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн же прокурордун токтому боюнча бошотулууга жатат, эгерде:

1) кылмыш же болбосо жорук жасоодон шектенүү далилденбесе;

2) кармоонун мыйзамда белгиленген мөөнөтү өтүп кетсе;

3) ага карата камакка кармоо түрүндөгү бөгөт коюу чараларын колдонууга негиз же зарылчылык болбосо;

4) кармоо ушул Кодекстин 98, 99-беренелеринин талаптарын бузуу менен жүргүзүлсө.

2. Кармалган учурдан тартып 48 сааттын, ал эми жашы жетпегендерге карата 24 саатын ичинде кармалганды кармоо жайынын начальнигине кармалганга карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө токтом келип түшпөсө, анда кармалганды кармоо жайынын начальниги кармалганды токтоосуз бошотот, бул жөнүндө иш өндүрүшүндө турган тергөөчүгө, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына жана прокурорго маалымдайт, бул жөнүндө протокол түзүлөт.

3. Ушул берененин 2-бөлүгүнүн талаптары аткарылбаганда, кармалганды кармоо жайынын начальниги мыйзамда белгиленген жоопкерчилик тартат.

4. Кармалганды кармоо жайынын начальниги тарабынан шектүүнү бошотууда ага маалымкат берилет, анда ким тарабынан кармалгандыгы, камоонун негизи, орду жана убактысы, бошотуунун негизи жана убактысы көрсөтүлөт.

---

Мурунку берене: [101-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-101)  
Кийинки берене: [103-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-103)
