# 101-берене. Кылмыш жана (же) жорук жасаган адамдарды кармоо укугу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-101>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-101.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 101-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-101

---

1. Жабырлануучу кошуп алганда, бардык жеке жак ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүп берүү же жеткирүү, ошондой эле алардын башка кол салуу мүмкүндүктөрүнө бөгөт коюу максатында кылмыш жана (же) жорук жасаган адамды кармоого, анын эркин жүрүшүн чектөөгө укуктуу.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган учурларда, ал каршылык көрсөтсө, кармалган адамга карата Жазык кодексинин 52-беренесинде каралган чектерде күч жана башка каражаттар колдонулушу мүмкүн. Эгерде кармалган адамда жазык иши жана (же) жорук үчүн мааниси бар курал жана (же) башка коркунучтуу буюмдар бар деп болжогонго негиз болгон учурларда, аны кармаган жаран кармалган адам түздөн-түз жеткирилген же өткөрүп берилген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кийин өткөрүп берүү үчүн анда болгон буюмдарды алып коюуга укуктуу.

---

Мурунку берене: [100-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-100)  
Кийинки берене: [102-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-102)
