# 1-берене. Кыргыз Республикасынын жазык сот өндүрүшү жөнүндө мыйзамы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112186)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530#diff=1138546..1138547>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 1-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-1

---

1. Кыргыз Республикасынын аймагында жазык сот өндүрүшү Кыргыз Республикасынын Конституциясына (мындан ары - Конституция) жана ушул Кодекске ылайык ишке ашырылат.

2. Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдары Конституцияга негизделген ушул Кодекстен, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптеринен, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден (мындан ары - Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери) турат.

(Абзац КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3. Жазык сот өндүрүшүнүн тартибин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболору ушул Кодекске киргизилген шартта гана колдонулууга тийиш.

4. Эгерде жазык сот өндүрүшүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине (мындан ары - Граждандык кодекс) же Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине (мындан ары - Бузуулар жөнүндө кодекс) ылайык чечилүүсү тийиш болгон маселени кароо зарылдыгы келип чыкса, ал тиешелүү тартипте чечилет.

(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-2)
