# 872-берене. Шайлануучу кызмат ордуна талапкердин билип туруп анык эмес маалыматтарды берүүсү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111529)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 1-февралындагы № 18 "Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 01.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 июля 2020 года № 88 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере избирательного законодательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112052)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111529#diff=1107366..1107367>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-872>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-32/edition/1107363/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111529/st-872.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодекси, 872-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-872

---

1. Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын кызмат ордуна талапкер тарабынан билип туруп шайлоо жөнүндө мыйзамдарда каралган анык эмес маалыматтарды, документтерди, анын ичинде башка мамлекеттин жарандыгы жоктугу тууралуу документти берүүсү, ошондой эле талапкерликке көрсөтүү, каттоо жана шайлоо үчүн тоскоолдук кылуучу маалыматтарды жашыруусу, -

I категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

2. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар тарабынан жасалган ошол эле жосун, -

белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен I категориядагы айып түрүндөгү жазага алып келет. (КР 2020-жылдын 24-июлундагы № 88 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [871-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-871)  
Кийинки берене: [88-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-88)
