# 871-берене. Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111529)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 1-февралындагы № 18 "Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 01.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 июля 2020 года № 88 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере избирательного законодательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112052)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111529#diff=1107366..1107367>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-871>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-32/edition/1107363/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111529/st-871.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодекси, 871-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-871

---

1. Шайлоону жана референдумду даярдоонун, өткөрүүнүн жүрүшүндө, добуш берүү күнү талапкерди, талапкерлердин тизмесин шайлоо максатында талапкерлердин, мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын жетекчилеринин административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануусу, -

II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

2. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар, мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын жетекчилери, ошондой эле 30 пайыздан ашык мамлекеттик (муниципалдык) катышуу үлүшү бар уюмдардын жетекчилери жасаган ошол эле жосун, -

белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы айып түрүндөгү жазага алып келет. (КР 2020-жылдын 24-июлундагы № 88 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [87-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-87)  
Кийинки берене: [872-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-872)
