# 64-берене. Соттун жашы жетелекти жоопкерчиликтен жана жазадан бошотуусу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111529)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 1-февралындагы № 18 "Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 01.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-64>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-32/edition/1107363/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111529/st-64.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодекси, 64-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-64

---

1. Эгерде биринчи жолу жорук жасаган жашы жетелекти түзөтүүгө тарбиялоочу мүнөздөгү мажбурлоо чараларын Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинде каралган тартипте колдонуу жолу менен жетишүүгө мүмкүн деп таанылса, сот аны жоопкерчиликтен бошотот.

2. Жорук жасоого күнөөлүү деп таанылган жашы жетелек сот тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинде каралган тартипте тарбиялоочу мүнөздөгү мажбурлоо чарасын колдонуу менен жазадан бошотулушу мүмкүн.

3. Эгерде жашы жетелек адам тарбиялоочу мүнөздөгү мажбурлоо чарасында каралган шарттарды системалуу түрдө бузса, бул чара ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунуштамасы боюнча алып салынат жана жашы жетелекти жорук жоопкерчилигине тартуу үчүн материалдар сотко жиберилет.

ӨЗГӨЧӨ БӨЛҮК

---

Мурунку берене: [63-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-63)  
Кийинки берене: [65-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-65)
