# 63-берене. Жашы жетелектерге карата колдонулуучу жазалардын түрлөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111529)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 1-февралындагы № 18 "Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 01.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-63>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-32/edition/1107363/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111529/st-63.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодекси, 63-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-63

---

1. Жашы жетелектерге жазалардын төмөнкү түрлөрү дайындалат:

1) коомдук жумуштар;

2) эркиндикти чектөө;

3) түзөтүү жумуштары;

4) айыппул.

2. Коомдук жумуштар он алты жаштан тартып он сегиз жашка чейинки курактагы жашы жетелектерге ушул Кодекстин 45-беренесинде каралган категориялардын чегинде дайындалат. Жазанын бул түрүн жашы жетелектер тарабынан аткаруунун узактыгы күнүнө 2 сааттан ашпоого тийиш.

3. Эркиндикти чектөө жашы жетелектерге ушул Кодекстин 46-беренесинде каралган категориялардын чегинде дайындалат.

4. Түзөтүү жумуштары он алты жаштан тартып он сегиз жашка чейинки курактагы жашы жетелектерге ушул Кодекстин 48-беренесинде каралган категориялардын чегинде дайындалат.

5. Айып пул жашы жетелектин өз алдынча эмгек акысы же өндүрүп алуу багыттала турган мүлкү болгондо дайындалат, ал эми алар болбогондо - анын ата-энесинен же башка мыйзамдуу өкүлдөрүнөн алардын алдын ала макулдугу менен өндүрүп алынышы мүмкүн. Мындай макулдук болбогондо сот жашы жетелекке айып пул дайындабайт.

---

Мурунку берене: [62-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-62)  
Кийинки берене: [64-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-64)
